Ак кеме» командасы - Алматыдагы Эл аралык олимпиаданын күмүш байге ээси
Университеттин жашоосу 15 Апрель 2026
2026-жылдын 9-10-апрелинде С.Ж. Асфендияров атындагы КазУМУда (Алматы ш.) академик А.А. Идрисовдун элесине арналган хирургия жана топографиялык анатомия боюнча IV Эл аралык студенттик олимпиада өттү. Ассистент Б.А. Атакуловдун жетекчилиги астында акад. К.Р. Рыскулова атындагы факультеттик хирургия кафедрасынын «Ак кеме» командасы И.К. Ахунбаев атн. КММАнын намысын татыктуу коргоду.
 
 
Эки күндүк интенсивдүү программанын алкагында студенттер теорияны, симуляциялык тапшырмаларды, ошондой эле кан тамыр, торакалдык жана реконструктивдүү хирургия боюнча эң татаал этаптарды камтыган 18 сынакка катышышты.
Айрым этаптардын жыйынтыгы боюнча биздин студенттер эң мыкты деп табылып, төмөнкү кадыр-барктуу номинацияларда I орунду ээлешти:
 
 
1. «Баш сөөктүн трепанациясы жана дуропластика» - Дүйшөбаев Айдил, Маннапов Файзулло, Маматирайимов Султанбек.
2. «Double tract реконструкциясы» - Сапарова Алия, Жумашов Темирлан, Иманбеков Субан.
3. «Пирогов интерактивдүү столундагы хирургиялык анатомия» - Дүйшөбаев Айдил.
2-орун:
Бильрот-1 боюнча ашказан резекциясы: Сапарова Алия, Жумашов Темирлан, Иманбеков Субан
Аортокоронардык шунттоо: Маматирайимов Султанбек, Осмонбекова Бурул, Карасартов Тынай
Эмчек учу-ареолярдык комплексти реконструкциялоо: Касымбекова Аделя, Ботоев Эрбото, Мамытов Аманбек
3-орун:
Дистракциялык склеропластика: Кахарова Айдай, Осмонбекова Бурул, Астанакулов Ахлиддин
Нейверт операциясы: Астанакулов Ахлиддин, Сапарова Алия, Мамытов Аманбек
Ичке ичегинин жаракатын тигүү: Маннапов Файзулло, Дуйшобаев Айдил
Өпкө үлүшүнүн резекциясы: Абдыкеримов Арген, Акылбеков Искендер, Режапов Исмоилжон
Тамырды тигүү: Арифов Рафаэль, Мамутов Карим, Сталбеков Илимбай
Акушерство жана гинекологиядагы клиникалык учур: Касымбекова Аделя
Хирургиялык аспаптарды билүү: Карасартов Тынай, Абдыкеримов Арген
Биримдиктин, талыкпас эмгектин жана насаатчылыктын жогорку деңгээлинин аркасында «Ак кеме» командасы олимпиаданын жалпы жыйынтыгында ардактуу II жалпы командалык орунду багындырды!