Университеттин жашоосу
21 Апрель 2026
2026-жылы өткөн КР ЖОЖдорунун Универсиадасы 2026 алкагында студенттерибиз мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.
85 кг салмак категориясында стоматология факультетинин 2-курсунун (23-топ) студенти Сарсенов Азамат 3-орунду ээледи. Ал эми 90 кг жогору салмак категориясында дарылоо иши №1 факультетинин 2-курсунун (25-топ) студенти Шерипбеков Эрбол дагы 3-орунга татыктуу болду.

Студенттерди мелдешке машыктыруучу Сулаймайнов Адахан Кочкоралиевич даярдап, алардын ийгилигине чоң салым кошту.
Жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы спорттук ийгиликтерди каалайбыз!