Университеттин жашоосу
29 Январь 2026
Филология илимдеринин профессору Кадыралы Конкобаев жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Нурлан Маматов, ошондой эле сапардын ардактуу коногу Проф. д-р Мехмет Р. Караман — SATKOF–YIK президенти Кыргыз мамлекеттик медицина академиясына (КГМА) иш сапары менен келишти.

Сапардын алкагында КГМАнын ректору И.О. Кудайбергенова менен жолугушуу өткөрүлүп, академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана университеттер аралык өнөктөштүк программаларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жолугушууга ошондой эле КММАнын Эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү проректору Гүлмира Джумалиева жана КММАнын дипломго чейинки жана кийрнки үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын профессору Нурлан Бримкулов катышышты.