Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тарыхын изилдөө жана И.К. Ахунбаевдин салымы
Университеттин жашоосу 12 Октябрь 2024

2024-жылдын 5-октябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын "Педиатрия" факультетинин 1-курстун 10-тайпасынын куратору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич студенттери менен биргеликте "Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тарыхы" аттуу темада куратордук саат өткөрдү. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерди өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөтүү жана өздөрү окуган академиянын тарыхы менен терең тааныштыруу болду.

 

 

Куратордук сааттын алкагында студенттер Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын негизделишинен баштап, анын бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолуна саресеп салышты. Ар бир студент өзү окуган окуу жайдын тарыхын изилдөө менен алгачкы пайдубалынын түптөлүшүнөн тартып, алдыңкы медициналык билим берүү мекемеси катары таанылган учурга чейин жеткен жолду талкуулады.

 

 

Иш-чаранын негизги бөлүктөрүнүн бири катары белгилүү хирург, академик Иса Коноевич Ахунбаевдин өмүр жолу жана эмгектери талкууланды. Студенттер И.К. Ахунбаевдин өмүрү жана ишмердиги тууралуу документалдык тасма көрүштү. Анда Иса Коноевичтин коомдук, илимий-педагогикалык жана дарыгерлик ишмердүүлүгү, анын миңдеген адамдарды өлүмдөн сактап калган хирургиялык жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берилди. Тасма студенттерге гениалдуу хирургдун элге сиңирген эмгегин терең баалоого шарт түздү.

 

 

Иш-чаранын жүрүшү студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын медициналык билимге жана академиянын тарыхына болгон кызыгуусун арттырды.