Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасынын алкагында самбо боюнча мелдештер өтүп, анда студенттер күчүн, чыдамкайлыгын жана жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү
Университеттин жашоосу 2 Апрель 2026
2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасынын алкагында самбо боюнча мелдештер өтүп, анда студенттер күчүн, чыдамкайлыгын жана жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында биздин окуу жайдын студенттери төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээлешти:
 
 
58 кг салмак категориясында 3-орунду стоматология факультетинин 4-курсунун 3-тобунун студенти — Гульмурзаев Эмир ээледи.
+98 кг салмак категориясында 3-орунду педиатрия факультетинин 2-курсунун 13-тобунун студенти — Шадыканов Эмирлан ээледи.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана жеңиштерди каалайбыз!