Кыргыз тил фестивалы — 2026” ийгиликтүү өттү
Университеттин жашоосу 22 Январь 2026
22-январь, 14:00 — 2-лекциялык зал
Бүгүн, 22 январь Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратында «Кыргыз тил фестивалы — 2026” аттуу маданий-билим берүү иш-чарасы ийгиликтүү өттү. Фестиваль кыргыз тилинин маанилүүлүгүн, маданий мурастарды жана тилдик билимди өнүктүрүү максатында уюштурулду.
 
 
Иш-чарага ректорат, студенттер, окутуучулар жана кызыккан коноктор катышып, кыргыз тилине болгон урмат-сыйын билдиришти. Фестиваль программасы кыргыз тилинин тарыхы, анын ролу, замандын талабына ылайык өнүгүүсү, ошондой эле тилди сактоо жана өнүктүрүү боюнча маанилүү темаларды камтыды.
 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн билим берүүчү презентациялар, чыгармачылык чыгыштар жана тематикалык талкуулар уюштурулду. Фестивальдин негизги максаты — студенттерди кыргыз тилине кызыктыруу, тилди таза жана туура колдонуудагы адеп-ахлактык нормаларды кеңири жайылтуу болуп саналат.
Иш-чаранын уюштуруучулары катары профессор А. Д. Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы А. Дж. Жумалиев атындагы Жалпы жана Биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы Соттук медицина жана укук таануу кафедрасы, Илимий изилдөөлөр менеджменти кафедрасы өзгөчө салым кошту.