“Кыргыз тили - кыргыз элинин улуттук жүзү” аттуу майрамдык кече
Университеттин жашоосу 25 Сентябрь 2024
2024-жылдын 25-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Кыргыз тили - кыргыз элинин улуттук жүзү” аттуу майрамдык кече кыргыз тили кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.
 
 
Кечеде аталган академиянын ректору, м.и.д., профессор Кудайбергенова Индира Орозобаевна сөз сүйлөп, кесипкөй медиктердин кеп маданияты – мамлекттик тил менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилеп, кеченин конокторун мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады.
 
 
Аталган окуу жайда бүгүнкү күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жалпы 31 улуттун өкүлдөрү билим алышат. Иш-чара, ар бир студентти эне тилин сыйлоого, урматтоого үндөп, аны менен катар ынтымакты бекемдөөгө салым кошот деп белгилеп өттү.
 
 
Иш-чаранын негизги максаты – улуттук баалуулуктарды жайылтуу, кыргыз тилин өнүктүрүү ошондой эле, мекенчилдик сезимди ойготуу болуп саналат. Макал-лакаптар айтылып, шаңдуу, көңүлдү көкөлөтүп көтөргөн обондуу ырлар ырдалып, бийлерди тартуулашты.
 
 
Кечеге КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев, Билим берүү боюнча көз карандысыз эксперт, терминкомдун мүчөсү, консультант Жаанбаев С., “Кыргыз тили” газетасынын башкы редактору Д.К.Керимов, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору жана окутуучулар, студенттер катышышты.