“Манас” эпосунун улуулугуна таазим” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция 
Университеттин жашоосу 4 Декабрь 2024

2024-жылдын 4-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда “Манас” эпосунун күнүнө карата кыргыз тили, коомдук илимдер жана философия кафедралары тарабынан “Манас” эпосунун улуулугуна таазим” аттуу студенттик илимий - практикалык конференция  өткөрүлдү.

Биринчи жана экинчи курстун студенттери “Манас” эпосу тууралуу кызыктуу баяндамалар менен чыгышты.

Эң мыкты баяндама жасаган студенттер баалуу белектер менен сыйланышты.


Манас атабыздын эрдиктери, биримдикке жана тынчтыкка чакырыктары биздин ата - бабаларыбыздын көөнөрбөс мурасы.

“Манас” эпосу - биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз жана улутубуздун сыймыгы, түбөлүктүү мурас. Ар бир кыргыз жараны аны билип, кадырлап кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүү.