Мекенди коргоо күнүнө карата студенттер биргеликте ачык саат өткөрүштү
Университеттин жашоосу 23 Февраль 2026
23-февраль – Мекенди коргоо күнүнө карата Жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасы жана Медициналык алдын алуу факультетинин студенттери биргеликте ачык саат өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мекенди коргоонун мааниси, аскердик кызматтын кадыр-баркы, жаштарды патриоттук тарбиялоо маселелери талкууланды. Студенттер мекенге болгон сүйүү, жоопкерчилик жана жарандык милдет тууралуу баяндамаларды даярдашып, кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүштү.
 
 
Ачык саат жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн мазмундуу жана таасирдүү болду. Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо болду.