Бүгүн, 2024-жылдын 3-октябрында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын актовый залында эл аралык илимий-теориялык конференция болуп өттү.
Конференция Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата жана профессор, философия илимдеринин доктору Мааметайып Жумагуловдун 75 жылдыгына арналган.
Профессор Мааметайып Жумагулов илимде профессионалдык бийиктикти багындырып, илимий жетишкендиктери менен кыргыз элинин философиясын чет мамлекеттик адистерге жана анын күйөрмандарына чагылдырган атактуу философтордун катарына кирет.
Казакстандык кесиптештер профессорду юбилейи жана Илимдер академиясынын 70 жылдык мааракеси менен онлайн түрүндө куттукташты.
Мааметайып Жумагулов онтология жана гносеология, илимдин методологиясы жана социалдык экологиянын философиялык проблемалары менен алектенген илимпоз катары белгилүү, багыты боюнча көпчүлүк эмгектери арналган.
Маанилүү илимий эмгектери катары: «Причинно-следственные связи во взаимодействиях общества и природы» (1986) монографиялары, «Понятие «связь» (1991),
«Взаимодействие человека и природной среды: диалектико-логический анализ» (1996), «Экологическая ситуация как объект философского анализа» (2001),
«Экологическое мышление в эпистемиологическом измерении» (2005); «Основы экологической этики» (2010); «Экологические ценности в культуре кыргызов» (2015) деп айтылат.
Адам менен жаратылыш чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн татаал проблемалары, экологиялык этика, ой жүгүртүү, маданият - мунун баары М.Жумагуловдун эмгектеринде өзөктүү орун алган.
Бүгүнкү күндө алар өз маанисин жоготпостон, актуалдуулугун жогорулатуу менен гана пайда болууда.
Анын илимий жаңылыгы, терең мазмуну, “адам – табият” системасынын контекстиндеги концептуалдык-категориялык аппараттын философиялык талдоосу менен айырмаланган эмгектери фундаменталдуу жана бүтүндүк мүнөзгө ээ.