«Аскердик медицинаны өнүктүрүүнүн заманбап чакырыктары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция
Университеттин жашоосу 29 Май 2026

2026-жылдын 29-майында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө арналган жана ата мекендик медицинанын көрүнүктүү ишмери Рафа Иманалиевна Айдарбекованын элесине арналган «Аскердик медицинаны өнүктүрүүнүн заманбап чакырыктары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлгөнүнүн 34 жылдыгын белгилөөдө. Бул дата улуттук армиянын калыптанышын, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн чыңдалышын, аскердик милдетке берилгендикти жана Кыргызстан элине ак кызмат кылууну символдоштурган маанилүү күн болуп саналат.

Аталган конференция аскердик жана жарандык медицина, илим жана практикалык саламаттык сактоо тармагындагы алдыңкы адистерди бириктирген маанилүү иш-чара болду. Азыркы шартта аскерлерди медициналык жактан камсыздоону өркүндөтүү, алдыңкы технологияларды киргизүү, аскердик медициналык илимди өнүктүрүү, ошондой эле күч түзүмдөрү менен саламаттык сактоо тутумунун өз ара кызматташтыгын чыңдоо маселелери өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.

Конференциянын алкагында Рафа Иманалиевна Айдарбекованын жаркын элесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Анын өмүр жолу жана кесиптик ишмердүүлүгү кесибине берилгендиктин, жоопкерчиликтин жана адамдардын ден соолугу үчүн жан аябас эмгектин үлгүсү болуп калды.

Конференциянын жүрүшүндө салтанаттуу ачылыш аземи, пленардык жыйын, илимий баяндамалар жана тактикалык медицина боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Катышуучулар күч түзүмдөрүнүн медициналык кызматтары менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволор аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын, ошондой эле атайын аскердик операциялардын тажрыйбасын жана анын аскердик жана жарандык медицинанын өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулашты.

Баяндамачылар катары аскердик-медициналык башкармалыктын өкүлдөрү, практикалык саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, илимий коомчулуктун өкүлдөрү жана өлкөнүн медициналык уюмдарынын адистери сөз сүйлөштү. Өзгөчө «Дени сак жүрөк» улуттук программасына, мамлекеттин медициналык коопсуздугуна жана аскердик-медициналык илимди өнүктүрүүгө арналган баяндамалар чоң кызыгууну жаратты.

Конференциянын жүрүшүндө тажрыйба алмашуу боюнча конструктивдүү талкуулар өтүп, аскердик медицинаны мындан ары өнүктүрүүгө, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык камсыздоо системасын чыңдоого багытталган практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Иш-чаранын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды жана 5-курстун студенттеринин салтанаттуу ант берүү аземи өткөрүлдү.

Уюштуруучулар конференциянын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, ийгиликтүү ишмердүүлүккө, жаңы илимий жетишкендиктерге, кесиптик ийгиликтерге жана коюлган максаттардын ийгиликтүү ишке ашуусуна тилектештигин билдиришти.