«Земмельвейс» тасмасы Венгерия киносунун күндөрүнүн алкагында КММАнын Конференц-залында көрсөтүлдү
Университеттин жашоосу 10 Ноябрь 2025
10-ноябрда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Конференц-залында Венгерия киносунун күндөрүнүн алкагында режиссёр Лайош Колтаи тарткан «Земмельвейс» (2023) аттуу тарыхый драма көрсөтүлдү.
 
 
Фильм XIX кылымдагы көрүнүктүү венгер дарыгери Игнац Земмельвейстин өмүрү тууралуу баяндайт. Ал медицинада кол гигиенасынын зарылдыгын илимий түрдө далилдеген алгачкы дарыгер катары таанылган.
 
 
Окуя 1847-жылдагы Венада өтөт — төрөттөн кийинки ысытма агрессивдүү жайылып, жаш энелерди биринин артынан бирин алып кетет.
 
 
Жаш дарыгер Земмельвейс консервативдүү кесиптештеринин каршылыгына карабастан, оорунун себебин табууга жана бейтаптарды сактап калууга аракеттенет.
 
 
Тасманын көрсөтүлүшү академиянын студенттери, окутуучулары жана коноктору арасында чоң кызыгууну жаратты. Иш-чарага чейин КММАга Венгриянын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги келди.
 
 
Аны академиянын ректору И. Кудайбергенова жылуу маанайда тосуп алды. Тараптар маданий жана илимий кызматташтыктын маанилүүлүгүн, ошондой эле дүйнөлүк медицина тарыхында Игнац Земмельвейстин ордун баса белгилешти.