Университеттин жашоосу
29 Октябрь 2025
Бүгүн, 2025 - жылдын 29 октябрында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ВСО, Фармация, Педиатрия, Медициналык инженерия факультеттеринин жана КММА алдындагы Медициналык училищенин студенттик катарга кошуу аземи болуп өттү.

Иш-чараны академик Дүйше Кудаяров ачып, студенттерди куттуктап, дарыгер кесибинин жоопкерчилиги жана коом алдындагы улуу милдети тууралуу маанилүү сөз сүйлөдү. Ошондой эле профессор И. Кудайбергенова, ректораттын, деканаттардын өкүлдөрү жана кадырлуу коноктор да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жаңы студенттер салтанаттуу түрдө Дарыгерлик антын берип, адам өмүрүн сактоого, кесибинин кадырын жогору кармоого жана медицина илимине берилгендик менен кызмат кылууга убада беришти.

Аземдин жүрүшүндө студенттер ырдап, бийлеп, көңүлдүү концерттик программа тартуулашты.
Бул күн – студенттер үчүн жөн гана окуунун башталышы эмес, медицина дүйнөсүнө кадам таштаган маанилүү учур болуп калды. 
