Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата “Жан дүйнөнү жарык кылган акын” аттуу факультеттер аралык көркөм окуу сынагы болуп өттү
Университеттин жашоосу 3 Ноябрь 2025

2025-жылдын 31-октябрында кыргыз тили кафедрасы тарабынан КР Президентинин Жарлыгына ылайык “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу программаларын жүзөгө ашыруу алкагындагы кыргыз элинин белгилүү акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата “Жан дүйнөнү жарык кылган акын” аттуу факультеттер аралык көркөм окуу сынагы болуп өттү.

Сынакка бардык факультеттердин 1-2-курстары активдүү катышып, А.Осмоновдун поэзия дүйнөсүн көркөм айтып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар акындын элге таанымал ырлары менен катар, анча белгилүү эмес чыгармаларынан да үзүндүлөрдү аткарып, көрүүчүлөргө терең таасир калтырышты. Сынактын жыйынтыгында мыкты деп табылган катышуучулар дипломдор менен сыйланышты.

Бул иш-чара студенттердин адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, А.Осмоновдун чыгармачылыгын кеңири жайылтууга өбөлгө болду.