Университеттин жашоосу
10 Ноябрь 2025
Бүгүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КГМА) И.К. Ахунбаев атындагы студенттик илимий ийримдердин жарманкеси болуп өттү. Иш-чараны НОМУС КММА уюштурду. Жарманкеге академиянын ректору И.Кудайбергенова баш болгон ректорат мүчөлөрү катышты.

Студенттер өздөрүнүн илимий долбоорлорун тааныштырып, ийримдердин ишмердүүлүгү жана медицинанын ар кандай багыттарындагы жетишкендиктери менен бөлүшүштү.

Жарманкеге келгендер изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жакындан көрүп, суроо берип жана студенттик илимди өнүктүрүү боюнча пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ректор И.Кудайбергенова мындай иш-чаралар студенттердин изилдөө жөндөмдөрүн өркүндөтүүдө, алардын демилгелерин колдоодо жана академияда активдүү илимий коомчулукту калыптандырууда абдан маанилүү экенин белгиледи.

Жарманке көптөгөн катышуучуларды чогултуп, билим алмашууга, дем берүү жана студенттик илимий чөйрөнү бекемдөөгө жакшы аянтча болду.
