2022-жылдын 20-майында КММАнын мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү секторунун иш планына ылайык түзүмдүк бѳлүмдѳрдѳн 40 кызматкер жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева баш болуп, И.Раззаковдун үй-музейине жана улуттук тарых музейине барышты. Маданий нарк, эне тил менен уланмалуу санжыра ѳзѳгүнѳн жан дүйнѳсүн азыктандырып, руханий дѳѳлѳттѳрүн эске алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ ар бир кызматкердин эстетикалык сезимдери жанданып, улуттук баалуулуктарга кѳз карашы ѳзгѳрдү. Байыркы кыргыздан тараган ата-баба, урпактарыбыз, айкѳл, кѳрѳгѳч, сарамжал, баатыр, тайманбаган калк болгондугуна дагы бир ирет сыймыктана ынанып, бул максаттуу сапарды уюштурган МТϴ секторуна ѳзгѳчѳ ыраазычылыгын билдиришти.