Фармакогнозия жана дары каражаттарынын химиясы кафедрасы жана “Фармация” факультетинин студенттери карылар үйүндѳ
Университеттин жашоосу 9 Октябрь 2024

Ата -энени, улуу муундагы аксакал адамдарды ,деги эле кары адамдарды дайыма сыйлоо, аларга урмат кѳрсѳтүү, кѳңүлүн кѳтѳрүү,ар бирибиздин адамдык парзыбыз деп билебиз.

 

 

1-октябрь карылар күнүнѳ арналган иш чаралар эч качан кеч болбосо керек.
КММА нын “Фармация” факультетинин 4-курсунун 8-тайпасынын студенттери-

Акылбекова Жазгуль, Абдикалилова Бегимай, Акбаева Айзат,Алимбек кызы Даткайым,Джанибекова Нурзида, Курбанова Илона, Нурмаматова Айдай, Таалайбек кызы Жумайым, Турат кызы Адинай, Ходус Сергей, Эркебаева Айгерм

5-октябрда Бишкектеги “Хамида” деп аталган карыларга кайрымдуулук кѳрсѳтүүчү, жана алардын ал жайын калыбына келтирүү  борборунда болушту.

Бул карылар  үйүндѳ бардыгы болуп 45 оорулуу күн кечирип келет.

Алардын арасынан физикалык жактан,чынында эле карыган оорукчан  адамдар, жана акыл эс,психикалык жактан жабыркаган адамдар да  кездешти.

Студенттер карыларга арнап белектер, таттуу, жашылча жемиштерди беришип,жагымдуу музыка, ыр-бийлерди тартуулашты.Кары адамдар абдан кубанышып, кошулуп ырдашты,ал эми кээ бирѳѳлѳрү кѳздѳрүнѳ жаш алып, ыраазылыгын айтып жатышты.Бул иш чараны жетектеген ФГЗ жана ДКХ кафедрасынын окутуучусу, куратор Абдырасулова Фарида Болотбековна болду.