Университеттин жашоосу
17 Октябрь 2024
КММАнын педиатрия факультетинин 10-тайпасынын студенттери, куратору б.и.к., доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич менен бирге шаардагы тарых музейине барышты.
Студенттер: "Бул күн биз үчүн өзгөчө тажрыйба болду. Музейдин босогосун аттаганда эле, убакыттын агымын артка бурулуп, ар кандай доорлорду чагылдырган экспонаттарга чөмүлүп кеттик.
Ар бир зал өзүнчө бир дүйнө сыяктуу: байыркы доорлордон баштап, замандын акыркы жаңылыктарына чейин толгон-токой нерселер коюлган. Байыркы куралдар, тиричилик буюмдары жана улуттук кийимдер студенттердин кызыгуусун арттырды. Ар бир экспонаттын артында тарыхый окуялар жана кызыктуу окуялар катылгандай сезилди.
Музейдин гиддери ар бир экспонатты түшүндүрүп берип, кыргыз элинин өткөн доорлору тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Өзгөчө көңүлдү ар бир экспонатка байланыштуу болгон уламыштар жана легендалар бурду. Ошол уламыштарды укканда, ар бирибиз ошол доорлордун күбөсүндөй сезилип, элестетүүгө берилип кеттик.
Бул экскурсия студенттерге өз тарыхын, маданиятын тереңирээк түшүнүүгө жана эскерүүгө жардам берди. Музейден чыкканда, ар бирибиздин жүзүбүздө кубаныч жана таасирлүү эскерүүлөр калды. Бул күн биздин эсибизде узакка сакталаары анык".