Таш-Дөбө айылындагы И. Акылбеков атындагы студенттик кампусунда кыргыз тили кафедрасы тарабынан Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди
Университеттин жашоосу 19 Март 2026
2026-жылдын 19-мартында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Таш-Дөбө айылындагы И. Акылбеков атындагы студенттик кампусунда кыргыз тили кафедрасы тарабынан Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.
Жаздын жарчысы болгон Нооруз — жаңылануунун, тазалануунун жана ынтымактын символу. Ушул маанилүү майрамды даңазалоо максатында уюштурулган бул салтанат студенттердин маданий дүйнөсүн кеңейтип, улуттар аралык достукту бекемдөөгө багытталды.
 
 
Майрамдык иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктары кеңири чагылдырылды. Кеченин жүрүшүндө студенттер кыргыз тилинде көркөм ырларды окуп, обондуу ырларды аткарып, улуттук бийлерди бийлешти. Иш-чарага чет элдик студенттер чоң кызыгуу менен катышып, кыргыз элинин маданиятына болгон урмат-сыйын көрсөтүштү.
 
 
Майрамдык дасторкондо улуттук тамак-аштар коюлуп, айрыкча Нооруздун ажырагыс белгиси болгон сүмөлөк тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул даам аркылуу студенттер кыргыз элинин бай тарыхы жана руханий дүйнөсү менен дагы жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
 
 
Жыйынтыгында, аталган иш-чара студенттердин биримдигин чыңдап, маданият аралык алаканы өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Нооруз майрамы ар бир катышуучунун жүрөгүндө жылуулук калтырып, достуктун жана биримдиктин дагы бир жаркын мисалы болуп калды.