Университеттин жашоосу
20 Апрель 2026
Дарылоо иши факультетинин студенттери — Шадыбеков Алмазбек (6-курс) жана Кудаярова Умут (3-курс) — Ташкент шаарында 15–16-апрель күндөрү өткөн «Youth Climate Talks in Tashkent» форумуна катышышты. Алар кафедранын ассистенти Шамилова А.Ш. жетекчилиги астында өлкөбүздү татыктуу деңгээлде көрсөтө алышты.

Форумдун алкагында студенттер «Кыргыз Республикасындагы экологиялык демилгелер жана ыктыярчылар кыймылы: коомчулуктун жаратылыш экосистемаларын сактоого кошкон салымы» аттуу баяндама жасашты. Чыгыш интерактивдүү форматта өтүп, аудитория активдүү катышып, суроолорду берип, өз пикирлерин бөлүштү.

Иш-чаранын атмосферасы жандуу жана кызыктуу болуп, экологиялык темаларга болгон кызыгуу жогору экени байкалды. Студенттерибиздин эл аралык деңгээлде татыктуу чыгыш жасап, экологиялык аң-сезимди өнүктүрүүгө кошкон салымы биз үчүн чоң сыймык.
