Университеттин жашоосу
30 Апрель 2026
2026-жылдын 30-апрелинде жапониялык волонтёрдун катышуусунда түзүлгөн иш-чаралар планынын негизинде КГМА им. И.К. Ахунбаева медициналык окуу жайынын 1-курс студенттери Улуттук тарых музейи барышты.
Иш-чара «Кыргызстандын тарыхы» сабагы боюнча өтүлгөн темаларды бекемдөө максатында уюштурулуп, ага окутуучу Тентигул кызы Назира, Япониядан келген волонтёр Сугихаро Мотоки, адис Жумалиева А.М. жана куратор Тойтиева Назгүл катышты.

Музейге болгон экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын бай тарыхый жана маданий мурасы менен таанышып, уникалдуу экспонаттарды көрүштү. Бул аларга теориялык билимдерин практикалык түрдө бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Айрыкча кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана улуттук маданиятка байланышкан экспозициялар студенттердин кызыгуусун арттырды.
Мындай окуу экскурсиялары студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга жана билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
