Университеттин жашоосу
3 Апрель 2026
2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Универсиадасынын алкагында самбо боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында биздин студенттер ийгиликтүү чыгып, байгелүү орундарды камсыздай алышты.

58 кг салмак категориясында Стоматология факультетинин 4-курсунун 3-тобунун студенти Гульмурзаев Эмир 3-орунду ээледи. Ал эми +98 кг салмак категориясында Педиатрия факультетинин 2-курсунун 13-тобунун студенти Шадыканов Эмирлан 3-орунду багындырды.
Жаштардын күчү – жеңиштин башаты! Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
