2026-жылдын 17-июнунда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында стоматология жана медициналык-профилактикалык иш факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу боюнча салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага академиянын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана чакырылган коноктор катышты. Жаш адистерге куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү менен КММАнын ректору Индира Кудайбергенова, ректораттын өкүлдөрү, проректорлор жана факультеттердин декандары кайрылышты. Алар тандап алган кесиптин маанилүүлүгүн белгилеп, бүтүрүүчүлөргө өз күчүнө ишеним, кесиптик өсүү жана коомго кызмат кылууда ийгиликтерди каалашты.

Аземдин көркүн студенттер менен артисттердин чыгармачыл номерлеринен турган концерттик программа ачты. Иш-чаранын туу чокусу болуп бүтүрүүчүлөрдүн адамдардын ден соолугу жана жыргалчылыгы үчүн жоопкерчилик алууга даяр экендигин билдирген Гиппократтын антын айтуусу болду.
Майрам асманга түркүн түстүү аба шарларын учуруу акцияс менен аяктады.
