2026-жылдын 16-июнунда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында педиатрия, фармация, жогорку медайымдык билим берүү (ЖМББ) факультеттеринин жана Медициналык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.

Майрамдык иш-чарага академиянын жетекчилиги, окутуучулар, ата-энелер жана коноктор катышты. Бүтүрүүчүлөргө КММАнын ректору Индира Кудайбергенованын жетекчилигиндеги ректораттын өкүлдөрү, ошондой эле академик Дүйшө Кудаяров куттуктоо сөздөрүн айтып кайрылышты. Алар жаш адистерди окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди, тандаган кесибине берилгендикти жана саламаттык сактоо тармагында жогорку жетишкендиктерди каалашты.

Салтанаттын өзгөчө окуяларынын бири болуп мындан 40 жыл мурда академияны аяктаган фармацевтика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусу болду. Алар жаңы муундагы адистерди жылуу куттуктап, студенттик жылдардагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, бүтүрүүчүлөргө медициналык коомчулуктун салттарын сактоону жана КММАнын бүтүрүүчүсү деген ардактуу наамды татыктуу алып жүрүүнү каалашты.
