Университеттин жашоосу
8 Май 2026
2026-жылдын 8-майында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул күн баатырлардын эрдигин эскерүүнүн, аларга терең урмат көрсөтүүнүн жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.

Иш-чарада КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды Жеңиш күнү менен куттуктады. Ал тарыхый эстутумду сактоонун жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Согуш жылдарында курман болгондорду эскерүү максатында катышуучулар бир мүнөт үнсүз турушту. Бул — мекени үчүн жанын берген баатырларга болгон терең урматтын белгиси болду.
Майрамдык программа студенттер тарабынан аткарылган патриоттук ырлар, бийлер жана театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолду. Иш-чаранын жүрүшүндө жылуу маанай өкүм сүрүп, катышуучулар элдин эрдиги жана кайраттуулугу менен сыймыктануу сезимине бөлөнүштү.

Иш-чараны КММАнын аскер кафедрасы тарбия иштери бөлүмү жана философия жана коомдук илимдер кафедрасы менен биргеликте уюштурду.
Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиги ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Биз элибиздин кайраттуулугун жана баатырдыгын унутпай, алардын жаркын элесин кийинки муундарга өткөрүп беребиз.
