Жаңы медициналык технологиялар менен таанышуу
Университеттин жашоосу 4 Апрель 2026
2026-жылдын 1-апрелинде Жалпы гигиена кафедрасынын окутуучусу Байбосова Ч.К. 37-топтун студенттери менен биргеликте жаңы медициналык технологиялардын көргөзмөсүнө барышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер заманбап медициналык жабдуулар жана инновациялык технологиялар менен таанышып, алардын практикалык колдонулушу тууралуу кеңири маалымат алышты. Көргөзмө студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба болуп, алардын кесиптик билимдерин тереңдетүүгө чоң салым кошту.