Жугуштуу ооруулар кафедрасы
Университеттин жашоосу 0 6 Октябрь 2022

2022-жылдын 29-сентябрында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жыйындар залында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенти А.Эргешова 5-курстагы дарылоо иши факултетинин кыргыз тилинде окуган 2-группасынын студенттери менен биргеликте мамлекеттик тилибиздин 33 жылдыгына арналган бир айлыктын алкагында иш-чара өткөрүштү.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келе жаткан улуу белгибиз бул - эне тилибиз кыргыз тили. Кыргыз тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болсун! Мамлекеттик тил майрамыбыз куттуу болсун!