“Зордук жана зомбулук”, “Эмдөө бул эмне?” лекциялары окуучулар үчүн
Университеттин жашоосу 16 Декабрь 2024

2024 жылдын 11-декабрында КММАнын Дарылоо иши факультетинин 6 курсунун 15,17 тайпалары дипломго чейинки үй-бүлөөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Жумашова Ч.М. менен биргеликте “Зордук жана зомбулук”, “Эмдөө бул эмне?” темадагы лекциялар даярдалды.

КММАнын студентери менен биргеликте үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Жумашова Ч.М Бишкек шаарынын №72 орто билим берүү мектебинде “Зордук жана зомбулук”, “Эмдөө бул эмне?” темаларында лекция окушту. Анда окуучуларга зордук, зомбулук кыйын учурларда кандай алып жүрүү керек, кандай иш-аракеттерди кабыл алуу жана кимге кайрылуу керек деген маалыматтар кеңири тарады. Андан тышкары вакцины жана иммунизация, АДС-М, ВПЧ аттуу вакциналар жөнүндө лекциялар окутулду.