Акыркы жылдары кеңири тараган ала качуу адаты мыйзамга да, кыргыздын кудалашуу салтына да, ислам динине да туура келбейт. Анын айынан ажырашуулар көбөйүп, тагдырлар бузулуп, улуттун генофондуна доо кетүүдө. Медициналык биология, генетика Жана паразитология кафедрасында, кураторлордун жетекчилигинин астында 23 тайпанын студенттери "кыз ала качуу" аттуу ырайымсыз жана адамкерчиликсиз көрүнүшкө каршы социалдык ролик чыгарышты