Чет өлкөлүк студенттердин визасы жана каттоосу
Виза

Чет өлкөлүк студенттерге, визасыз режим колдонулган мамлекеттерден келгендерди кошпогондо (караңыз: Пайдалуу шилтемелер), “S” түрүндөгү окуу визасын алуу талап кылынат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы документтерди кабыл алуу жана визаларды берүү процессин e-VISA электрондук порталы аркылуу онлайн форматта жүзөгө ашырат.

КГМАнын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн алдындагы визалык офис чет өлкөлүк студенттерге виза алуу үчүн арыз тапшырууда көмөк көрсөтөт. Ошондой эле студенттер өздөрүнүн расмий өкүлдөрүнө (рекрутингдик агенттиктерге) кайрылууга укуктуу.

Алгачкы окуу визасын алуу үчүн визалык офиске төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  • жарактуу паспорт;

  • ак фондо тартылган, электрондук форматтагы 3×4 см өлчөмүндөгү сүрөт;

  • КГМА тарабынан берилген расмий визалык чакыруу (чет өлкөлүк студенттин арызынын негизинде визалык офис тарабынан жол-жоболоштурулат).

Виза КГМАнын жарактуу чет өлкөлүк студенти үчүн 1 (бир) жылдык мөөнөткө берилет. Мөөнөтү аяктоого 1 ай калганда, чет өлкөлүк студенттер визалык офиске кайрылып, визаны узартуу үчүн бардык зарыл документтерди тапшырууга милдеттүү.

Киргенден кийинки каттоо

Кыргыз Республикасынын аймагына киргенден кийин бардык чет өлкөлүк студенттер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө Мамлекеттик каттоо кызматында каттоодон өтүшү керек.

Визалык режимдеги өлкөлөр:
КГМАнын чет өлкөлүк студенттеринин каттоосу алардын окуу визасынын колдонуу мөөнөтү ичинде жарактуу болуп эсептелет жана виза узартылган мөөнөткө ылайык каттоону да узартуу укугу берилет. Каттоону узартуу визанын мөөнөтү узартылгандан кийин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк студент виза узартылган күндөн тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде КГМАнын визалык бөлүмүнө кайрылууга тийиш.

Визасыз режимдеги өлкөлөр:
Визасыз режим колдонулган алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк студенттер үчүн да каттоо талап кылынат. Мындай студенттер үчүн каттоо алардын “окуу” визасынын колдонуу мөөнөтү ичинде жарактуу болот (толугураак маалымат алуу үчүн “Виза алуу” бөлүмүнө кайрылыңыз).

Визаны узартуу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • жарактуу паспорт;

  • студент менен КГМАнын ортосунда түзүлгөн окуу келишиминин электрондук көчүрмөсү;

  • ак кийимде, ак фондо тартылган 3×4 см өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

  • окуу акысынын төлөнгөндүгүн тастыктаган маалымкат;

  • жатаканада жашаган студенттер үчүн – тиешелүү жатаканадан алынган жашаган жери тууралуу маалымкат;

Же болбосо, ижарага алынган батирде/үйдө жашаган учурда төмөнкү документтер талап кылынат:

  • жашаган жери боюнча убактылуу каттоого уруксат берген ижара берүүчүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу.

Эскертүү: Визаны узартуу боюнча арыз визанын мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 30 календардык күн мурда тапшырылышы зарыл.

Визаны узартуу учурунда “бир жолку” же “көп жолку” кирүү режимин тандоого болот.

  • Бир жолку виза Кыргыз Республикасынын аймагына бир жолу кирүүгө мүмкүндүк берет, андан кийин визаны кайрадан узартуу талап кылынат.

  • Көп жолку виза визанын колдонуу мөөнөтү ичинде Кыргыз Республикасынан чыгууга жана кайрадан чексиз санда кирүүгө укук берет.

Иштөөгө уруксат

“Окуу” визасынын негизинде билим алып жаткан студенттерге окуу мезгилинде толук же жарым жумуш күнү менен иштөөгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасында иштөөнү каалаган студенттер “W1” түрүндөгү жумуш визасын жана атайын иштөөгө уруксатты алууга тийиш.

Окуу визасынын негизинде мыйзамсыз иш жүргүзүү административдик жоопкерчиликке жана айып пул салууга алып келет.

Окуусун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасында кесиптик ишмердүүлүгүн улантууну каалаган бүтүрүүчүлөр окуу визасын жумуш визасына алмаштырып, атайын иштөөгө уруксат алууга милдеттүү. Студенттер Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн учурда визанын түрүн өзгөртө алышпайт. W1 визасын алуу үчүн бүтүрүүчү өлкөдөн чыгып, иш берүүчүдөн жумуш квотасын алып, W1 визасына арыз тапшырып, аны алгандан кийин кайрадан өлкөгө кириши керек (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №175 токтому).

Кыргызстанда университетти алмаштырууга байланыштуу визалык жол-жобо

Эгерде студенттер Кыргыз Республикасында окуу жайын алмаштырууну пландаштырса, алар жаңы кабыл алуучу университеттин чакыруусунун негизинде окуу визасын кайрадан жол-жоболоштурууга тийиш. Жаңы университеттин визалык бөлүмү жаңы визаны алууда көмөк көрсөтөт жана кошумча маалымат берет.

Каттоо

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КГМА) билим алуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо "ПОРЯДКОМ регистрации иностранных граждан и лиц без гражданства на территории Кыргызской Республики", утвержденной Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 декабря 2016 года № 689

КГМАнын администрациясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү тартиби жана чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында болуу шарттары тууралуу маалыматты сиздердин назарыңыздарга сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, билим алуу максатында келген чет өлкөлүк жарандар өлкөгө кирүү, өлкөдө болуу жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоо эрежелерин сактоого милдеттүү.

Чет өлкөлүк жарандар бекитилген чет мамлекеттердин тизмесине ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоо мөөнөтү жарандыкка жараша айырмаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 5тен 90 календардык күнгө чейин болушу мүмкүн. Каттоо жана болуу мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке (айып пул, депортация) алып келет жана өлкөгө кийинки кирүүгө чектөөлөрдү жаратышы мүмкүн.

Казакстан Республикасынын жарандары үчүн өзгөчөлүктөр

2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу 180 күндүн ичинде жалпысы 90 күн режиминде жүзөгө ашырылат. Казакстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө милдеттүү. Белгиленген талаптарды сактабастан болуу мөөнөтүн ашырып жиберүү өлкөгө кийинки кирүүгө 90 күнгө чейин чектөө коюлушуна алып келиши мүмкүн.

КГМАда каттоо жол-жобосу

Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк студенттер КГМАнын визалык офисине кайрылып, төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  • КГМАнын жатаканасынын башкаруучусу тарабынан берилген жатаканада жашагандыгы тууралуу маалымкат.

  • Эгерде студент жатаканадан тышкары жашаса, каттоо чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоонун жалпы тартибинде жүргүзүлөт.

  • Эгерде каттоону өкүл тапшыра турган болсо, юридикалык же жеке жактын атынан арыз берүү укугун тастыктаган ишеним кат (доверенность).

  • Жарактуу паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ, колдонуудагы виза бар болгон учурда.

  • Каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция.

Тапшырылган документтер ЕСУВМ электрондук каттоо тутумуна киргизүү үчүн сканерден өткөрүлөт, ал эми түп нускалары арыз ээсине кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы №449 жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы №349 токтомдору менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен).

Чет өлкөлүк студенттерге каттоонун акыркы мөөнөтүн өткөрүп жибербөө катуу сунушталат, анткени бул айып пул салынуусуна жана административдик протокол түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Сунуштар

Виза жана каттоодон өткөндөн кийин документтердин көчүрмөлөрүн жана кагаз түрүндөгү басылып чыккан нускаларын даярдап коюу сунушталат (түп нускалар жоголгон учурга карата).

Миграциялык мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жана каттоо боюнча белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарыл.