Окууга тапшыруу үчүн документтердин тизмеси
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн
- КММАнын ректорунун атына жазылган арыз.
- ЖРТнүн сертификатынын түп нускасы (күндүзгү бөлүмгө тапшыруучулар үчүн).
- Жалпы орто билим жөнүндө документ (аттестат) же диплом.
- Сүрөттөр:
2 даана 4×6 см өлчөмүндө;
4 даана 3×4 см өлчөмүндө. - Электрондук форматтагы сүрөт.
- 086-У формасындагы медициналык маалымкат.
- Психиатр жана наркологдун каттоосунда тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымкат (аны «Түндүк» порталынан басып чыгаруу керек).
- Аскер билети же аскердик каттоо күбөлүгү (приписное күбөлүк).
- Документтерди кабыл алуу үчүн төлөмдүн квитанциясы.
- Паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.
- Контракт формасына окуу үчүн келишим
- Максаттуу түрдө кабыл алуу үчүн үч тараптуу келишим
- Грант негизинде кабыл алуу үчүн келишим
Жакынкы чет элдик жарандар үчүн
Кирүү сынактарына катталуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- КММАнын ректорунун атына жазылган арыз (КММАда толтурулат).
- Жалпы орто билим жөнүндө документ (аттестат), ошондой эле аттестаттын бардык тараптан сапаттуу тартылган сүрөттөрү JPEG форматында.
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан берилген жалпы орто билимдин эквиваленттүүлүгү жөнүндө маалымкат (Россиянын, Беларустун, Тажикстандын жана Казакстандын жарандары үчүн талап кылынбайт).
- Сүрөттөр:
- 2 даана 4×6 см өлчөмүндө;
- 4 даана 3×4 см өлчөмүндө - Абитуриенттин электрондук форматтагы сүрөтү.
- Паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү, ошондой эле JPEG форматындагы электрондук көчүрмөсү.
- Документтерди кабыл алуу үчүн төлөмдүн квитанциясы (КГМАда таризделет).
- 086/у формасындагы медициналык маалымкат (Казакстан Республикасынын жарандары үчүн — 075/у формасы).
- Психиатр жана наркологдун каттоосунда тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
- Аскер билети же аскердик каттоо күбөлүгү.
- Жашаган жеринен маалымкат.
- Медициналык камсыздандыруу полиси (бир жылга окууга кабыл алынгандан кийин алынат).
Бюджеттен тышкаркы (контракттык) негизде адисти даярдоо жөнүндө келишим
Алыскы чет элдик жарандар үчүн
- КММА ректорунун атына арыз;
- КРнын мыйзамдарына ылайык келген чыгуу визасы менен паспорт жана анын копиясы;
- Окутулган предметтерин жана бааларын (баллдарын) көрсөткөн толук орто билими жөнүндө документтин оригиналы жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн копиясы;
- Толук орто билими жөнүндө документтин КРнын расмий тилинде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу;
- же дипломдон кийинки билим алууга тапшыруу үчүн жогорку медициналык билими жөнүндө диплому;
- NEET улуттук тесттен өткөн жыйынтыгы (Индия жарандары үчүн)
- Толук орто билиминин эквиваленттүүлүгү жөнүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат кат;
- 6 сүрөт 4 x 6 см;
- АИВ (ВИЧ), В,С, Д гепатитин, малярия изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы;
- Документтери кабыл алынгандыгы тууралуу дүмүрчөк;
- Чет өлкөлүк медициналык ЖОЖдорго чет элдик жарандардын тапшыруусу үчүн чыгарылган өлкөнүн талабы боюнча керектүү башка документтер; (мисалы, Индия медициналык кеңешинен чет өлкөдө билим алуу макулдугу жөнүндө маалымат кат);