Эразмус + синергетикалык ѳз ара аракеттенүү жана билим берүүнүн ар кыл тармагында жаштардын кесиптик даярдыгын ѳз ара арттырууга, ар кайсы иш аракеттердин жана долбоордук форматтардын ортосундагы жасалма чектерди жоюп, жаӊы идеяларды кубаттап, жарандык коом жана эмгек рыногунун катышуучуларын ѳзүнѳ тартып, кызматташуунун жаӊы формаларын ѳнүктүрүү жолу менен бул программалардын алкагынан чыгууга багытталган. Эразмус + Европа жана анын чегинен тышкары адам жана социалдык капиталдын кѳз карашынан алып караганда реалдуу керектѳѳнү чечүү үчүн натыйжалуу инструмент болууга аракеттенет.
Ушул себептен улам Программанын алкагында колдоого алынган бардык иш аракеттер жана иш-чаралар «Эразмус + брендинин жардамы менен ѳткѳрүлүшү керек. Анын үстүнѳ, мурдагы программалардын катышуучулары жана бенефициарларына Эразмус + программасын чечмелѳѳгѳ жардам берүүгѳ, аны жайылтуу максатында «Эразмус +» жалпы аталышына кошумча же конкреттүү секторго багытталган аракеттер үчүн тѳмѳнкү аталыштар пайдаланылышы мүмкүн:
- «Erasmus + Comenius» («Эразмус +;Комениус») – мектеп билим берүү тармагына кирген Программанын алкагында ишмердүүлүгү:
- «Erasmus+ Erasmus» («Эразмус +; Эразмус») максаттуу ѳлкѳ жана жогорку билим берүү тармагына кирген Программанын алкагында;
- «Euasmus+ Erasmus Mundus» («Эразмус +:Эразмус Мундус») – Бирдиктүү магистрдик (мастердик) даражаларды алууга кирген ишмердүүлүгү;
- «Erasmus+ Jeonardo da Vinci» («Эразмус+: Леонардо да Винчи») – кесиптик билим берүү жана кадрларды даярдоо тармагына кирген программанын алкагында;
- «Erasmus+ Grundtvig» («Эразмус+: Грундтииг») – чоӊдордү окутуу тармагына кирген Программанын алкагындагы ишмердүүлүк:
- «Erasmus+ Yobth in Action» («Эразмус+: Жаштар аракетте») – жаштарды формалдуу эмес жана расмий эмес окутуу тармагына кирген Программанын алкагындагы ишмердүүлүк:
- «Erasmus+ Jean Monnet» («Эразмус+:Жан Монне), Европалык Биримдикти изилдѳѳгѳ байланыштуу Программанын алкагындагы ишмердүүлүк:
- «Erasmus+ Sports» («Эразмус +: Спорт») – спорт менен байланышкан Программанын алкагындагы ишмердүүлүк.
Эразмус+ программасынын маанилүү ѳзгѳчѳлүктѳрү
- Квалификацияны жана кѳндүмдү таануу жана бекитүү
- Долбоордун натыйжаларын пайдалануу жана таануу
- Эразмус+ алкагында түзүлгѳн документтерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына, окуу материалдарына ачык кирүү
- Эл аралык аспект
- Мультилингвизм (Кѳп тилдүүлүк)
- Теӊдик жана адилеттүүлүк
- Катышуучулардын коопсуздугу жана коргоо
Бюджет
7 жылдык (2014-2020-жж.) программанын багытточу бюджети 14 774 миллиард еврону түзѳт.
Булак: Эразмус+ Улуттук офисинин сайты