2016-жылы Гансу Кытай Медицинасы Университетинин жана КММАнын ортосунда КММАнын бүтүрүүчүлөрүн "Салттуу Кытай Медицинасы"багыты боюнча дипломдон кийинки окутуу боюнча кошумча келишим түзүлгөн.
Бул Макулдашуунун алкагында КММА өзүнүн 15 бүтүрүүчүсүн 3 жылдык мөөнөткө окууга жиберүүгө укуктуу.
Талапкерлерге коюлган негизги талаптар:
Жогорку окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө диплому бар
Кытай тили боюнча негизги билим (АХХ1 же АХХ2)
Талапкерлерди кароодо алардын академиялык жетишкендиктери жана тилди билгендиги жөнүндө сертификаттын болушу эске алынат.
Окутуу кытай тилин үйрөтүү жылын камтыйт.
Кытай медицинасынын Ганьсу университети өз кезегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- 15 талапкерди акысыз окутуу.
- Китепканалар сыяктуу академиялык ресурстарга жетүү, лабораториялар, спорт комплекстери, ж. б.
- Студенттик кампуста акысыз жашоо.
- Виза жана медициналык камсыздандыруу боюнча чакыруу каты жана колдоо
Студент өз кезегинде төлөйт:
- Гансу провинциясына / учуу
- Окуу учурунда тамактануу
Окууну аяктагандан кийин, Ганьсу университети тиешелүү квалификация менен белгиленген үлгүдөгү диплом берет.