КММАнын медайымдык иш кафедрасынын дареметин (потенциалын) жогорулатуу үчүн «Мастер-планды (башкы планды) иштеп чыгуу» долбоору
Англис тилиндеги аталышы: Devejopment of master plan for capacity buiding in nursing education
Долбоорду аткаруу мѳѳнѳтү: 2019-жылдын 1-апрелинен – 2020-жылдын 31-январына чейин
Каржылоочу уюм: Корея Билим берүү министрлиги
Аткаруучу уюм: Кенг-Хи университети (Түштүк Корея)
Долбоордун жазылышы: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин дараметин чыӊдоого алектенген жана медайымдык иш адистерин даярдоонун алдыӊкы мекемеси болуп эсептелген И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын медайымдар иши кафедрасы менен биргеликте медайымдар иши жана квалификациясы боюнча долбоордун пайдубалын түзүүгѳ медайымдык иштин компетенттүүлүгү жана кѳндүмдѳрдү ѳнүктүрүү боюнча генералдык планды иштеп чыгуу.
Максаты жана мазмуну
- КР жогорку билимдүү медайымдарды сапаттуу даярдоодо саламаттыкты сактоонун керектѳѳлѳрүн канааттандыруу үчүн медайымдык иштеги билим берүүнүн керектүүлүгүн аныктоо
- Кыргыз Республикасында, КММАда кызыккан жактардын жана студенттердин дарамети, окутуучулардын илимий-изилдѳѳ жѳндѳмдүүлүгүн, дараметин кеӊейтүү.
- Керектѳѳгѳ таянып, дараметти (потенциалды) арттыруу үчүн мастер-планды (генералдык планды) иштеп чыгуу.
- Изилдѳѳнүн ыкмасы адабияттардын баяндамасынан, консультативдик сүйлѳшүү жана семинарлардан, фокус-топтогу аӊгемелешүүдѳн, анкеттик сурамжылоодон, тиешелүү мекемелер жана кызыккан жактардын катышуусунан турат.
Долбоорду жылдыруунун ыкмалары
1-деӊгээл: Керектѳѳнү изилдѳѳнү жана компетенттүүлүгүн баалоо
- Адабиятка баяндама
- Консультативдик чогулуш жана семинар
- Жергиликтүү мекемеге баруу жана кызыккан тараптар менен сүйлѳшүү
2-деӊгээл: Мастер планды иштеп чыгуу үчүн окутуучулардын дараметин чыӊдоо
- Окутуучулук курамга тренинг
- Экспертти жѳнѳтүү
3-деӊгээл: Мастер планды иштеп чыгуу
- Мастер-планды иштеп чыгуу
- Генералдык планды колдонуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу
Долбоордун жыйынтыктары:
- КММА СД кафедрасынын окутуучулары менен адабиятка баяндама ѳткѳрүлгѳн
- КММА ППС менен, КР саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жана башка кызыккан тараптар менен жумушчу жолугушуу жана сүйлѳшүүлѳр, бир катар консультативдик чогулуштар ѳткѳрүлгѳн.
- ВСО факультетинин бүтүрүүчүлѳрүнүн анкеталык сурамжылоосу ѳткѳрүлгѳн.
- Фокус-топтордогу интервью жана фокус-топтогу кийинки дискуссиялар ѳткѳрүлгѳн.
- Кыргызстан жана Кореядагы ППС үчүн тренинг жана семинарлар ѳткѳрүлгѳн.
- Инновациялык билим берүү программасы жана технологияларды колдонуу менен жогорку билимдүү медайымдарды сапаттуу даярдоону камсыз кылуу аркылуу калкка медициналык жардамды сапаттуу жакшыртууну эске алып кийинки каржылоого долбоордук ɵтүнүч катты берүү үчүн стратегиялык планды иштеп чыгуу.