Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору
Жайлообаева Азима Турусбековна
Жайлообаева Азима Турусбековна
Окумуштуу даражасы:
философия илимдеринин кандидаты
Кызматы:
Директор
Кызматкерлери
Муханбетов Улан Мухтарович
Муханбетов Улан Мухтарович
Кызматы:
Директордун орун басары
Турдуналиева Райкуль Султангазиевна
Турдуналиева Райкуль Султангазиевна
Кызматы:
Муляж жана фантом боюнча адис
Сүйүндүков Улукбек Сыргакович
Сүйүндүков Улукбек Сыргакович
Кызматы:
Сыноо боюнча адис
Рашидбек кызы Гулнур
Рашидбек кызы Гулнур
Кызматы:
ОЗ адис
Казиева Бермет Казиевна
Казиева Бермет Казиевна
Кызматы:
Окуу имаратынын комендант
Жалпы маалымат

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору.

2010-жылы студенттердин жана ординаторлордун медициналык билимин өркүндөтүү жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү максатында КММАнын ректорунун буйругу менен Клиникалык көндүмдөрдү окутуу борбору түзүлгөн. Бул борбор 2011-жылы иштей баштаган. 2013-жылы Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык жана техникалык колдоосунун аркасында борбор кыйла кеңейтилип, Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди баалоо борборуна айланган.

2016-жылдын 28-ноябрында №231 буйругу менен борбор, окуу борбору менен өндүрүштүк практика секторун бириктирип, “ОСКЭ, клиникалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана өндүрүштүк практика борбору” болуп кайра түзүлгөн. 2023-жылы өндүрүштүк практика өзүнчө секторго бөлүнүп, борбор жаңы аталышка ээ болгон - "Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору".

Борбор түзүлгөндөн бери жетекчиликти төмөндөгүлөр аткарышкан:

  • медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мамбеталиева Д.К. (2013)
  • медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нурбекова У.А. (2013)
  • медицина илимдеринин доктору Искаков М.Б. (2010-2012, 2014-2018)
  • медицина илимдеринин кандидаты, доцент Мергенов А.Е. (2018-2020)
  • медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ниязбеков К.И. (2020-2024)
  • учурда борбордун директору философия илимдеринин кандидаты Жайлообаева А.Т

2021-жылы борборго жаңы имарат куруу чечими кабыл алынып, капсула салуу аземи 2022-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, КММАнын ректору, профессор И.О. Кудайбергенова, мекеменин кызматкерлери, мугалимдери жана студенттери катышышкан. Курулушка 240 миллион сомдон ашык каражат жумшалып, 183 миллион сомдон ашык суммага жогорку деңгээлдеги заманбап симуляциялык жабдуулар сатылып алынган. Жаңы имарат заманбап симуляциялык аппараттар жана аудио-видео башкаруу системалары менен жабдылган.

Жаңы имараттын расмий ачылышы 2024-жылдын 3-июлунда болуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров, саламаттыкты сактоо министри А. Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева, ошондой эле ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, кызматкерлер жана меймандар катышты. Жалпы аянты 5860 чарчы метр болгон жаңы беш кабаттуу окуу корпусу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • 450 орундуу компьютердик тестирлөө үчүн эки зал
  • мультидисциплинардык симуляциялык борбор

 

 

 

  • симуляциялык клиника (төрөт, операция жана реанимация залдары, лапароскопия, УЗИ, эндоскопия жана неонатология жана башка бөлмөлөрү менен)

 

    • объективдүү структураланган клиникалык экзамен станциялары
    • электрондук китепканаларга жана илимий маалымат базаларына жетүү мүмкүнчүлүгү бар ресурстук изилдөө борборлору
    • илимий-изилдөөлөрдүн менеджменти жана медайымдар иши кафедралары

    Борбордо студенттер, интерндер жана клиникалык ординаторлор окутулат. Объективдүү структураланган клиникалык экзамен жана компьютердик тестирлөөнүн негизинде билимдери бааланып, ошондой эле дипломдон кийинки окуу бөлүмүнө кирүү жана бүтүрүү экзамендери тапшырылат. Борбор ошондой эле олимпиадаларды өткөрүүгө жана эл аралык мелдештерге даярдоого аянтча катары кызмат кылат. Кошумчалай кетсек, бул жерде коопсуздук комитетинин кызматкерлерине, тартип сакчыларына жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине биринчи медициналык жардам көрсөтүү курстары өткөрүлөт.

    Борбордун мүмкүнчүлүктөрү:

    • мүмкүн болушунча реалдуу жагдайларга жакын, бирок бейтаптар үчүн коопсуз болгон клиникалык кырдаалдарды симуляциялоо мүмкүнчүлүгү (заманбап симуляциялык түзүлүштөрдү колдонуу менен);
    • кесиптик иш-аракеттер көндүмдөрдү өнүктүрүү жана каталарды жоюу үчүн көп жолу кайталанышы мүмкүн (муляждарда, симуляторлордо жана заманбап симуляциялык түзүлүштөрдө);
    • ар бир дарыгерге зарыл болгон өзгөчө кырдаалдарда кесипкөй иш-аракеттердин көндүмдөрүн өнүктүрүү жана колдоо үчүн шарттар түзүлөт (мисалы, жүрөк-өпкө реанимациясы);
    • студенттин, клиникалык ординаторлордун билими бааланат (компьютердик тестирлөө жана ОСКЭ).

    Борбордун максаттары:

    • студенттерге, интерндерге жана клиникалык ординаторлорго практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүдө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда ар тараптуу жардам көрсөтүү;
    • медициналык билим берүүнүн практикалык багытын оптималдаштыруу;
    • студенттердин, интерндердин жана клиникалык ординаторлордун клиникалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
    • студенттердин, интерндердин жана клиникалык ординаторлордун клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана калыптандыруу.

    Борбордун милдеттери:

    • академия тарабынан ишке ашырылып жаткан жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин бекитилген пландарына жана программаларына ылайык заманбап симуляторлордо студенттердин жана клиникалык ординаторлордун практикалык кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу;
    • ОСКЭ жана компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен студенттердин, клиникалык ординаторлордун билимин баалоо.
    Жумуш учурлары
    Санитардык инструкторлору үчүн окуу семинары АЖМК (Аткаруу жана жазалоо мамлекеттик кызматы)

    Ординаторлордун аттестациялоо

    Студенттик тренинг