2026-жылы абитуриенттерди каттоо жана конкурстук тандоо аралыктан жүргүзүлөт:
2020.edu.gov.kg порталы гранттык жана контракттык окутуу формаларына тапшырууда ЖРТ турларына катышкан абитуриенттер үчүн арналган.
Портал edugate.ilim.gov.kg/edugate/ контракттык орундар боюнча чет өлкөлүк жарандарга арналган.
КМШ өлкөлөрүнөн (Тажикстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын жарандарынан тышкары), жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келип, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы окуу жайына тапшырууну каалаган абитуриенттер эң оболу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин порталына катталышы керек:
https://edugate.ilim.gov.kg/edugate/
Министрлик арызды карап чыгып, текшергенден кийин абитуриенттин жеке кабинетине тиешелүү билдирүү жайгаштырылат. Тастыктоо алынгандан кийин гана абитуриент чакыруу боюнча КММАга келип, документтерин тапшырып, андан ары кирүү сынактарынан өтө алат.