«Эл Үмүтү» эл аралык стипендиясы

«Эл Үмүтү» эл аралык стипендиясы

2022-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл Үмүтү” эл аралык стипендиясын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Учурдагы рыноктук мамилелердин шартында мамлекет күчтүү жана өнүккөн экономиканы түзүүгө багытталган өнүгүү жолун тандап алды. Ар кандай өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги факторлорунун бири — жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп саналат. Президенттик стипендияны негиздөө таланттуу жаштарга дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде билим алууга шарт түзүп, Кыргызстандын артыкчылыктуу экономикалык тармактарына керектүү билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл Үмүтү» эл аралык стипендиясын түзүү Кыргыз Республикасынын жарандарына дүйнөлүк алдыңкы университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул университеттер QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде дүйнөнүн алдыңкы 100 жогорку окуу жайынын катарына кирет.

Стипендиялар магистратура жана PhD докторантура программалары боюнча төмөнкү багыттарда берилет:
– техникалык;
– инженердик;
– экономикалык;
– социалдык-гуманитардык.

«Эл Үмүтү» стипендиясы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Стипендия жеке мүнөзгө ээ жана жыл сайын конкурстук тандоодон өткөн эң таланттуу жаштарга Республикалык комиссия тарабынан ыйгарылат.

Жыл сайын жалпы 50 стипендия бөлүнөт, анын ичинде:

– техникалык жана инженердик магистрдик багыттар боюнча — 20 стипендия;
– экономикалык магистрдик багыттар боюнча — 10 стипендия;
– социалдык-гуманитардык магистрдик багыттар боюнча — 10 стипендия;
– PhD докторантура программалары боюнча — 10 стипендия.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
«Эл Үмүтү» эл аралык стипендиясын бекитүү жөнүндө

«Эл Үмүтү» эл аралык стипендиясы жөнүндө жобо

2023-жылга «Эл Үмүтү» стипендиясына арыздарды кабыл алуу