Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) Япониянын «Рейги-Сахоу» ассоциациясы менен биргеликте «Кыргыз-Жапон билим берүү жана маданий алмашуулар борбору» долбоорун ишке ашырууну пландаштырган. Бул демилге билим берүү жана медицина тармагындагы маданий алмашууну өнүктүрүүгө, эл аралык стажировкаларды уюштурууга жана Японияда эмгектенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Кесиптик билим берүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди даярдоого багытталган жапон билим берүү программасынын алкагында КММАнын студенттери япон тили, япон маданияты жана ишкердик этикети боюнча билим алышкан.
КММА студенттерин кабыл алуу үч негизги багыттан турган япон стилиндеги билим берүү курсу боюнча жүргүзүлгөн:
- япон тили;
- япондук жүрүм-турум жана этикет;
- кесиптик даярдык.
Япон тили боюнча окуулар КММАнын базасында япон тилинин эне тилинде сүйлөгөн окутуучунун катышуусу менен уюштурулуп, андан кийин Японияда 10 айлык медайымдык кароо багыты боюнча иш алып барууга даярдоо максатын көздөгөн. Япон тили боюнча сабактарды чакырылган профессор Такуми Ишиватари жүргүзгөн.

Студенттерди тандоого коюлган талаптар:
- КММАнын студенттери (анын ичинде бүтүрүүчү курстун студенттери);
- 1 окуу жылына академиялык өргүүгө чыгууга же программанын талаптарына ылайык окуусун уюштурууга даяр болушу;
- япон тилин жана маданиятын акысыз үйрөнүүгө кызыгуусу.
Япониянын «Рейги-Сахоу» ассоциациясынын ишмердүүлүгү токтотулгандыгына байланыштуу КММАга кызматташууну Yuyuusha Co., Ltd компаниясы менен улантуу сунушталган.
Бүгүнкү күндө И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Yuyuusha Co., Ltd япон компаниясы менен студенттердин практикалык даярдыгы жана академиялык мобилдүүлүгү боюнча эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында КММАнын студенттери Японияда 10 айга чейинки узак мөөнөттүү кесиптик стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Программа өндүрүш шарттарында тажрыйбалуу насаатчылардын жетекчилиги астында практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнү карайт, ал эми стажировканын жыйынтыктары Академия тарабынан билим берүү программасынын бир бөлүгү катары таанылат.
Өнөктөш тарап практикалык окутууну уюштурат, кураторлорду дайындайт, катышуучуларды турак жай менен камсыздайт, стажировка мезгили үчүн сый акы төлөйт жана Япониядагы практика учурундагы транспорттук чыгымдарды компенсациялайт.
Өз кезегинде КММА катышуучуларды тандайт жана даярдайт, сапар алдында нускама өткөрөт, стажировканын сапатына мониторинг жүргүзөт жана анын жыйынтыктарын Академиянын билим берүү талаптарына ылайык тааныйт.
Бул кызматташтык эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, студенттердин кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө, практикалык тажрыйбасын кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт.
2026-жылдын июнь айынан тартып КММАнын дарылоо факультетинин эки студенти — Абдыбалиев Марсел жана Женишов Амар — Японияга аталган программа боюнча жөнөтүлдү.



