КГМАда KOICA (Түштүк Корея) өкүлдөрү менен жолугушуу жана суу тазалоо боюнча эл аралык кызматташтык
2025-жылдын 20-январында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы офисинин өкүлдөрү менен академиянын ректоратынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга КГМАнын жетекчилиги — ректор Кудайбергенова И.О., эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Жумалиева Г.А., илимий жана дарылоо иштери боюнча проректор Маматов Н.Н., ошондой эле жалпы гигиена кафедрасынын башчысы Жорбаева А.А., эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Юсупова Т.Б., билим берүү сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Султашев А.Дж. жана кафедранын ассистенти Рыскелдиева Ж.Б. катышты.

KOICA тарабынан Түштүк Кореядан келген делегациянын курамына төмөнкү өкүлдөр кирди:
-
Пак У Ха (Park Woo Ha) — эл аралык эксперт;
-
Чанг Джи Ын (Jang Ji Eun) — директордун орун басары;
-
Ким Сын Ён (Kim Seung Yeon) — волонтердук программа боюнча координатор;
-
Бермет — кенже ассистент, котормочу.



KOICAнын волонтердук программасынын алкагында профессор-эксперт Пак У Ха КГМАнын жалпы гигиена кафедрасына келип, кафедра кызматкерлери үчүн окуу семинарларын жана лекцияларын өткөрүү боюнча иш алып барууда. Окутуу программасы суунун сапатын баалоо ыкмаларын, суу тазалоо технологияларын жана суу ресурстарын башкаруу стратегияларын камтыйт.

KOICA экспертинин сууну тазалоонун заманбап ыкмалары боюнча лекциясы
2025-жылдын февраль айында жалпы гигиена кафедрасынын базасында Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эл аралык эксперти, профессор-эксперт Пак У Ха тарабынан “Сууну тазалоонун заманбап ыкмалары” аттуу лекция өткөрүлдү.


Иш-чара ЛДАЯО факультетинин 2-курс студенттери үчүн уюштурулуп, суунун гигиенасы, санитардык коопсуздук жана суу даярдоонун заманбап технологиялары боюнча билимдерин кеңейтүүгө багытталды.
Лекциянын жүрүшүндө мембраналык технологиялар, биологиялык жана физика-химиялык тазалоо ыкмалары, ошондой эле калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган инновациялык чечимдер сунушталды.
Өзгөчө көңүл ичүүчү суунун сапатына, суу аркылуу жугуучу оорулардын алдын алууга жана заманбап тазалоо технологияларынын калктын саламаттыгын сактоодогу ролуна бурулду. Лекция презентациялык материалдар жана ар кайсы өлкөлөрдөгү технологияларды киргизүү боюнча практикалык мисалдар менен коштолду.

Студенттер темага чоң кызыгуу көрсөтүп, активдүү катышып, Кыргыз Республикасынын шарттарында заманбап суу тазалоо ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча суроолорду беришти.
Мындай иш-чараларды өткөрүү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жалпы гигиена кафедрасынын билим берүү процессине киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Сууну тазалоонун заманбап ыкмалары боюнча кызматташтык маселелерине арналган жолугушуу
Жалпы гигиена кафедрасы KOICAнын эл аралык эксперти профессор-эксперт Пак У Ха менен биргеликте Кыргыз улуттук университетинде суу тазалоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда суу гигиенасы жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ичүүчү жана агынды сууларды тазалоонун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын шарттарына ылайыкташтыруу маселелери каралды.
Айрыкча илимий кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурулду. Аспиранттарды жана жаш изилдөөчүлөрдү өнүктүрүү, аларды биргелешкен илимий долбоорлорго тартуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, макалаларды жарыялоо жана эл аралык билим берүү жана илимий программаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Профессор-эксперт Пак У Ха суу сапаты маселелерин чечүүдө дисциплиналар аралык жана эл аралык ыкманын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан аркы кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.
Бул жолугушуу академиялык өнөктөштүктү чыңдоодо, илимий байланыштарды өнүктүрүүдө жана билим берүү менен илимий процесстерге заманбап суу тазалоо технологияларын киргизүү үчүн шарт түзүүдө маанилүү кадам болду.
Сууну тазалоонун адам саламаттыгына тийгизген таасири боюнча лекция
Жалпы гигиена кафедрасы KOICAнын эл аралык эксперти профессор-эксперт Пак У Ха менен биргеликте Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери жана магистранттары үчүн “Сууну тазалоонун заманбап ыкмалары жана алардын адам саламаттыгына тийгизген таасири” темасында лекция өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө ичүүчү сууну тазалоонун физика-химиялык, биологиялык жана мембраналык технологиялары, ошондой эле алардын калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуудагы мааниси каралды.

Суунун сапаты менен адам саламаттыгынын ортосундагы байланыш, суу аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу жана зыяндуу кошулмалардын таасирин азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Суу менен камсыздоонун гигиенасы жана суу тазалоо боюнча беш күндүк семинар
Жалпы гигиена кафедрасы KOICAнын эл аралык эксперти профессор-эксперт Пак У Ха менен биргеликте профильдик кафедралардын кызматкерлери үчүн беш күндүк окуу семинарын өткөрдү.

Семинарга коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы, жалпы гигиена жана гигиеналык дисциплиналар кафедрасы, микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасы, ошондой эле жалпы жана клиникалык эпидемиология кафедрасынын өкүлдөрү катышты.



Семинардын тематикасы суу менен камсыздоонун гигиенасы, сууну тазалоонун заманбап ыкмалары жана алардын калктын саламаттыгын сактоодогу маанисине арналды.

POU (Point of Use) системасын киргизүү боюнча кеңешме
Жалпы гигиена кафедрасында ичүүчү сууну чекиттүү тазалоо системасын (Point of Use, POU) киргизүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө POU системаларынын артыкчылыктары жана чектөөлөрү, алардын суунун сапатын жакшыртуудагы, микробиологиялык жана химиялык булганууну азайтуудагы ролу, ошондой эле суу аркылуу жугуучу оорулардын алдын алууда мааниси талкууланды.




Агынды сууларды тазалоо боюнча Кореялык эксперттин тааныштыруу семинары
«Жашыл офис» кызматкерлери үчүн Корея Республикасынан келген эл аралык эксперт Ю Нам Джонг тарабынан агынды сууларды тазалоонун заманбап ыкмалары боюнча тааныштыруу семинары өткөрүлдү.


Семинарда агынды сууларды тазалоонун инженердик жана экологиялык негизделген автордук методикасы сунушталып, экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерине көңүл бурулду.

КГМАда чекиттүү суу тазалоо боюнча инновациялык долбоорду ишке ашыруу
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жалпы гигиена кафедрасы жана «Жашыл офис» менен биргеликте KOICAнын эл аралык эксперти профессор-эксперт Пак У Ханын колдоосу менен суу тазалоо боюнча инновациялык долбоор ишке ашырылды.



Долбоордун алкагында Archa POU (Point of Use) заманбап суу тазалоо системасы орнотулуп, Ала-Арча дарыясынын суусун санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү сууга чейин тазалоодо жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.
KOICA өкүлдөрү КГМАдагы ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча эксперттин ишмердүүлүгү менен таанышты
2026-жылдын 10-мартында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор KOICAнын ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча эксперти профессор-эксперт Пак У Ханын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Эксперт академияда 2025-жылдын январь айында ишин баштап, бир жылдын ичинде суунун сапаты жаатындагы изилдөөлөрдү жана технологияларды өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашырып келет.

Сапардын жүрүшүндө KOICA өкүлдөрүнө Erasmus+ GREENKG долбоорунун алкагында түзүлгөн КГМАнын Жашыл жана санариптик технологиялар кеңсесинин ишмердүүлүгү, ошондой эле академияда суу лабораториясын түзүү процесси тууралуу маалымат берилди. Эксперт өз ишинин алкагында суу тазалоочу жабдууларды орнотуп, бул суунун коопсуздугу жаатында университеттин илимий инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө профессор-эксперт Пак У Ха түзүлүп жаткан суу лабораториясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдү, суунун сапатын талдоо ыкмаларын жана аны тазалоо технологияларын тааныштырды. Өзгөчө көңүл калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн заманбап чечимдерди практикалык колдонууга киргизүү маселелерине бурулду.

Ошондой эле эксперт Кыргызстанда коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк чектелген аймактарда суу тазалоо технологияларын киргизүүгө багытталган ARCHA долбоорун ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Долбоорду ишке ашыруу суу менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган практикалык чечимдерди киргизүүгө жана экологиялык коопсуздукту жогорулатууга салым кошту.

KOICA өкүлдөрүнө учурда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр, лабораториянын мүмкүнчүлүктөрү жана анын мындан аркы өнүгүү перспективалары көрсөтүлдү. Ошондой эле тараптар суу коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.