2026-жылдын 13-январынан тартып И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайына академиялык ммобилдүүүуктүн негизинде иштелип чыккан программа боюнча JICA аркылуу Япониядан волонтёр Сугихара Мотоки “Япон Щиацу”массажын студенттерди окутуу, үйрөтүү максатында 2 жылга келди.
Волонтёр Сугихара Мотоки КММАнын администрациясы жана библиотекасы менен таанышты.Ошондой эле волонтёр КММАнын эл арлык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Т.Б.Юсупова, И. К. Ахунбаев атындагы КММАга караштуу №7 Академиялык клиниканын директору М.К. Байсалов, медициналык орто окуу жайдын директору Н.М.Асанбекова, JICA нын кызматкери Айжан жана медициналык орто окуу жайдын нускоочусу Н.М.Тойтева менен жолугушу. Ошол эле күнү Сугихара Мотоки КММАнын башкы корпусу жана МООЖдун окуу корпустары менен экскурсия кылып таанышып чыкты.



Волонтёр Сугихара Мотоки КММАнын 2-лекциялык залда өткөн кыргыз тил фестивалына катышты.