"Медайымдардын жалпы клиникалык компетенттүүлүгүн жана пандемиялык кырсыктарга жооп берүү потенциалын жогорулатуу үчүн медайымдарга көп деңгээлдүү билим берүү системасын киргизүү" долбоору
Долбоордун узактыгы: 01.04.2022-31.01.2029 (7 жыл)
Сыпаттамасы: медайымдардын жогорку билим берүү практикасын өркүндөтүү жана практикалык курстарды иштеп чыгуу.
Максаты:
1. Жогорку медайымдык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;
2. Бишкек шаарында жугуштуу ооруларга чара көрүү боюнча потенциалды күчөтүүгө колдоо көрсөтүү.
Милдеттери:
1. Медайымдардын жогорку билимин өркүндөтүү:
- ЖКББ МБС иштеп чыгуу
- Бакалавриат программасын ишке ашыруу жана иштетүү медайымдык иш жана тездетилген программа боюнча окутуу
- Баштапкы адистештирүү программасын ишке ашыруу жана иштетүү медайымдык иш
- Медайымдык иш багыты боюнча магистратура программасын киргизүү жана иштетүү - Билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу
- Материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу
- Клиникалык насаатчылык программасын оптималдаштыруу
- Жогорку медайымдык билим берүү факультетинин студенттери үчүн практикалык/ симуляциялык кабинеттерди кеңейтүү - МЖӨнүн компетенттүүлүгүн жогорулатуу
- МЖӨ окутуу (семинарлар / тренингдер / кыска мөөнөттүү стажировкалар)
- Илимий конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү - Медициналык маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча потенциалды чыңдоо
- Изилдөө көндүмдөрүн бекемдөө боюнча кабинеттин уюштурулушу жана иштеши
2. Бишкек шаарынын турак жай конуштарында жугуштуу ооруларга чара көрүү боюнча потенциалды жогорулатуу:
- БМСЖ медициналык кызматкерлерин жугуштуу ооруларга жооп кайтаруу боюнча окутуу
- Жугуштуу ооруларга жооп кайтаруу боюнча поликлиникалардын жана орто мектептердин медициналык кызматкерлерин окутуу. Жугуштуу оорулар жөнүндө калкка маалымат берүүгө үйрөтүү
- "Жугуштуу оорулар учурундагы БМСЖ"СД кафедрасынын студенттерине практикалык Курстун программасын иштеп чыгуу - Жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматтарды чогултууну системалаштыруу
- Жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын иштеп чыгуу
- Жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасын киргизүү
Каржылоо уюму: Корея Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу Улуттук изилдөө фонду
Грант кармоочу: кенг Хи университети, Корея Республикасы
Долбоордун жалпы бюджети: 2,5 миллиард вон